Кыргызстанда 10 айылдын аталышын өзгөртүү сунушталууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги Баткен, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы айрым айылдардын аталышын өзгөртүүнү сунуштоодо. Тийиштүү мыйзамдын долбоору коомдун талкуусуна чыгарылды. Документке ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Карл Маркс айылын Биримдик, Эски-Оочу айылын Манас, Кулунду айыл аймагынын Коммунизм айылын Ак-Арык, Ленин айылын Исхак Раззаков, Сумбула айыл аймагынын Андарак айылын Ак-Таш, Кек-Таш айылын Көк-Таш, Искра айылын Сумбула деп өзгөртүү сунушталган.

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Осоавиахим айылын Молдо Кылыч, Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылын Бакайыр, Чүй районунун Садовое айылын Масымкан айылы деп кайра атоо үчүн мыйзам долбоору иштелип чыккан.

"Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, айылдарга өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү болгон аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган", - деп белгиленген негиздеме-маалымкатта.

Буга чейин да айыл, район аттары өзгөртүлгөн учурлар болгон. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги төрт айыл аймагы жана 13 айылдын атын өзгөртүүнү сунуштаган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев былтыр 25-26-ноябрдагы Элдик курултайда Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргызчага алмаштырууну сунуш кылган. Анын сөзүнө расмий Москва көңүл буруп, Мамлекеттик Думанын депутаттары "Кыргызстанда орус тили кодуланып жатат" деген билдирүү менен чыкканда, коомчулукта катуу талкуу болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров уюлдук телефондорду каттоодо маселе бар экенин айттыПакистанда кытайлык компаниянын эки кызматкери мерт кетти“Санарип көчмөн” макамы 2 миңден ашуун чет элдик жаранга берилди Израил ХАМАСтын кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдө