“Санарип көчмөн” макамы 2 миңден ашуун чет элдик жаранга берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чет өлкөлүк 2353 жаранга “санарип көчмөн” (“Digital nomad”) макамы берилди. Азербайжандын бир, Армениянын төрт, Беларустун 23, Казакстандын 11, Молдованын үч жана Орусиянын 2311 жараны мындай статусту алды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 7-октябрдагы жыйынында 2023-жылдын сентябрынан тарта “санарип көчмөн” макамы АКШ, Улуу Британия, Жапония, Түштүк Корея жана Германиянын да жарандарына бериле баштаганын айтты.

“Санарип көчмөн” статусун алган чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагында жашаган жеринде каттоодон өтүү милдетинен бошотулат. Ал идентификациялык жеке номур ала алат. Жумушка орношууда уруксат алуудан бошотулат”, - деди ал.

“Санарип көчмөн” макамы анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш жүргүзгөн чет элдик адистерге берилет. Алар Кыргызстанда бир жыл иштөөгө уруксат алып, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, Юстиция министрлигинде жана Салык кызматында жөнөкөйлөтүлгөн тартипте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн колдонсо болот.

2022-жылы 6-апрелде президент Садыр Жапаров “санарип көчмөндөр” үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу максат кылынганы белгиленген. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда АЭС курууга макул болгон шайлоочулар 71% түздүНидерланд өкмөтү Украинага F16 учактарынан дагы жөнөтүлөрүн билдирдиЭлчи Украина “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун колдой турганын айтты Депутат Көкүлов жалган жалаа үчүн айып салуу айрым гана адамдарга иштей турганын айттыМамлекеттик оорукананын жетекчилерин менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда"Эл үмүтү" стипендиясынын жана "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берүү сунушталуудаОрусиялык мурдагы оппозициячыл активист Ильдар Дадин Украинада каза болдуБишкекте автобус сүзүп кеткен 18 жаштагы кыз каза болду Кыргызстанда 2025-жылы ажылыкка бара тургандарды каттоо башталды