Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

Орусиялык мурдагы оппозициячыл активист Ильдар Дадин Украинада каза болду


Ильдар Дадин.
Ильдар Дадин.

Украинанын Харьков облусунда Орусиянын армиясына каршы согушкан орусиялык мурдагы оппозициячыл активист Ильдар Дадин каза болду. Дадиндин өлгөнү тууралуу маалыматты The Insider басылмасына "Эркин Орусия легиону" уюму тастыктады.

Дадиндин өлүмү тууралуу биринчи болуп журналист Ксения Ларина кабарлады.

Маалыматты Украинада жашап жаткан орусиялык оппозиционер Илья Пономарёв дагы ырастап, Дадин бир күн мурун каза болгонун кошумчалаган.

"Ильдар Дадин Харьковдогу салгылашта каза болгонун кабарлашты", - деп жазды Ларина 5-октябрда Х социалдык тармагына. Кийинчерээк ал Sota басылмасына бул тууралуу "Газпромбанктын" мурдагы вице-президенти Игорь Волобуев айтканын, ал дагы Украинанын куралдуу күчтөрү тарабында согушуп жатканын белгилеген. Волобуевге бул кабарды Дадин менен чогуу кызмат өтөгөндөр айтып беришкен. Ал кандай шартта каза болгону тууралуу маалымат айтылган эмес.

Буга чейин Дадин украин армиясынын курамындагы "Сибирь батальонунун" катарында согушканы маалымдалган. Илья Пономаревдин айтымында, өткөн жылдын декабрь айында Дадин "Эркин Орусия легионуна" кошулган.

Саясий активист Ильдар Дадин массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам талаптарын бир нече жолу бузган деп табылып, 2015-жылы Москванын Басман райондук соту тарабынан үч жылга эркинен ажыратылган. Апелляциялык арыздануулардан кийин анын абак мөөнөтү алты айга кыскартылып, 2,5 жыл деп белгиленген. Орусиянын Жогорку Соту 22-февралдагы чечиминде Ильдар Дадинге чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, ал абактан чыгууга жана акталууга укуктуу экенин белгилеген. Дадин алгач Карелия аймагындагы абакта кармалып, бирок ал уруп-сабоо боюнча арызданып, Алтай аймагындагы колонияга которулган.

2017-жылы орусиялык активист Ильдар Дадин Алтай крайындагы Рубцовдогу №5 түрмөдөн чыккан.

2017-жылдын февраль айында Жогорку сот Дадиндин өкүмүн жокко чыгарып, анын реабилитациялануу укугун тааныган. Ошол жылдын декабрь айында ал мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартылганы үчүн мамлекеттен 2 миллион 200 рубль өлчөмүндө компенсация алган.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин Ильдар Дадин 2022-жылдын март айында Украина тарапта согушуу үчүн Польшага чыгып кеткен. Польшада бир жыл ичинде ал Украинага келип, оппозициячыл маанайдагы орустардан турган ыктыярдуу батальондордун бирине кошулууга уруксат берген документтерди даярдаган.

“Мемориал” укук коргоо уюму Ильдар Дадинди саясий туткундардын тизмесине киргизген. Аны бошотуу талабы менен Орусияда бир нече акцияларды өткөрүшкөн. Ильдар Дадин 2011-жылдардан баштап азыркы бийликке каршы ар кандай акцияларга катышып жүргөнү менен таанымал.

XS
SM
MD
LG