Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:22

Бишкекте автобус сүзүп кеткен 18 жаштагы кыз каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте автобус сүзүп кеткен 18 жаштагы кыз каза болду. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 7-октябрда болгон. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, Zhong Tong үлгүсүндөгү коомдук автобусту айдап бараткан 60 жаштагы айдоочу Чүй проспектисинен жолдон өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Бейтап реанимацияга жаткырылып, алган жаракатынан улам өзүнө келбей каза болгон.

Бул факты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Автобус айып короого киргизилди.

Бишкек шаарында сегиз айда автобустар катышкан 231 жол кырсыгы катталган. Анын 109 учурунда автобустун айдоочулары күнөөлүү болгон. Бүгүнкү күнү шаарда каттамга 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жаракат алган.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG