Мамлекеттик оорукананын жетекчилерин менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда

Мамлекеттик оорукананын башкы дарыгерлерин жана орун басарларын менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда. Буга байланыштуу "Саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда талкууланып, жактырылды.

Демилгечилердин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашеванын айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу максатында сунушталып жатат.

"Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда. Медициналык мекемелердин жетекчилери жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өздөрүн толугу менен өз милдеттерине жана өз мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керек. Көп жетекчилер бейтаптарга өзүнүн клиникасына барса операцияны эртең жасайм деп, эгер мамлекеттик ооруканадан жасатсаң бир айдан кийин жасайм деген шылтоону айтышат. Алар түнү менен өз клиникасында иштеп, эртеси мамлекеттик ооруканада кандай иштейт, иштин сапаты кандай болот. Ал өзүнүн клиникасынын кызыкчылыгын көздөйт", - деди Мамашева.

Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов мыйзам долбоорун колдоп, ага медициналык мекемелердин жетекчилерин гана эмес, бөлүм башчыларын да кошууну сунуштады.

Эл өкүлү Элдар Абакиров оорукана жетекчилеринин айлык акысын жогорулатуу керектигин айтып, ошону менен бирге алардын иштөө мөөнөтүн 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартууну сунуштады.

Талкуу маалында өлкөдө канча менчик клиника бар экени жана канча дарыгер эки жакта иштей турганы айтылган жок.

Мамлекеттик ооруканада иштеген дарыгерллер бир эле учурда башка менчик клиника ачып же ошол жакта иштеген учурлар бар.

"Азаттык" буга чейин Улуттук онкология борборунун жетекчилиги менен шаардагы “Бона” менчик клиникасын ортосунда кызыкчылыктар кагылышы тууралуу тарткан. (КЕ)

Дагы караңыз

"Эл үмүтү" стипендиясынын жана "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берүү сунушталуудаОрусиялык мурдагы оппозициячыл активист Ильдар Дадин Украинада каза болдуБишкекте автобус сүзүп кеткен 18 жаштагы кыз каза болду Кыргызстанда 2025-жылы ажылыкка бара тургандарды каттоо башталды