Кыргызстанда 2025-жылы ажылыкка бара тургандарды каттоо башталды

Ажылыктан келген кыргызстандыктар. Ош эл аралык аэропорту. 23-июнь, 2024-жыл.

7-октябрда Кыргызстанда 2025-жылы ажылыкка бара тургандарды каттоо башталып, 3258 киши баштапкы 2000 долларды жана кайтарымсыз 1200 сомду “Элдик банкка” (мурдагы РСК Банк) төлөдү. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы каражат которбогондор электрондук базага катталбай турганын билдирди.

Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлгөн.

Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон. Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу барлар, боор циррозуна, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт. Бул тизмеге кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кабылгандар, өз алдынча кыймылдай албагандар да кошулган.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Быйыл ажылык зыярат 14-19-июнда болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Аннексияланган Крымда дрон чабуулунан кийин мунай базасы күйүп жататИзраилдин армиясы Газада ХАМАСка каршы жаңы операция жүргүзүүдөОрусиялык мурдагы оппозициячыл активист Ильдар Дадин Украинада каза болдуКазакстандагы референдумга жалпы шайлоочулардын 63,87% катыштыИрандын бардык аэропортторунда аба каттамдары убактылуу токтотулдуГазадагы согуштун бир жылдыгына карата дүйнөнүн бир катар шаарларында ири жүрүштөр өттү