Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:28

Газадагы согуштун бир жылдыгына карата дүйнөнүн бир катар шаарларында ири жүрүштөр өттү


Испаниянын Бильбао шаарындагы палестиндерди жактаган акция.
Испаниянын Бильбао шаарындагы палестиндерди жактаган акция.

АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп санаган ХАМАС радикал тобу Израилге кол салганынын жана Газада согуш башталганынын бир жылдыгына карата 5-6-октябрда дүйнөнүн бир катар шаарларында ири акциялар жана эскерүү иш-чаралары өттү.

Дем алыш күндөрү Австралиянын Сидней, Мельбурн шаарларында бир эле учурда палестиндерди жактаган жүрүштөр жана ХАМАСтын Израилдеги чабуулдарынын курмандыктарын эскерген иш-чаралар уюштурулду.

Ишемби күнү ушундай эле акциялар Европанын Лондон, Берлин, Париж, Рим сыяктуу ири шаарларында да өттү. Алардын бир бөлүгүндө палестиндерге тилектештик билдирген жана Газадагы согушту токтотууга чакырган ураандар жаңырса, айрымдарында Израилди колдогон, туткундарды бошотууга үндөгөн билдирүүлөр айтылып жатты.

Бул жүрүштөр жана Газадагы согуштун бир жылдыгы Жакынкы Чыгышта кырдаал чыңалып турган учурга туш келүүдө. Учурда Израил армиясы Газа тилкесинде ХАМАС тобуна, Ливандын түштүгүндө Иран колдогон "Хезболла" тобуна каршы күрөшүп жатат.

  • “Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган, исламдын шийи багытын карманган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын айрымдары бошотулса, кээ бирлери каза болгон. Дагы ондогон адамдар ХАМАСтын барымтасында кала берүүдө.

Израил бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесиндеги аскердик операциясын баштаган. Андан бери Газадагы саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, тилкеде 41 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Алардын көпчүлүгү жайкын тургундар экени кабарланып келет.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Аны улай Израилдин армиясы Ливандын түштүк аймактарында жердеги операцияларын баштаган. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган.

XS
SM
MD
LG