Израилдин армиясы Газада ХАМАСка каршы жаңы операция жүргүзүүдө

Израил аскерлери Газа секторунда, сентябрь, 2024.

Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жабалия аймагында ХАМАС тобуна (АКШ жана Евробиримдикте террордук топ деп табылган) каршы жаңы операция баштады.

ЦАХАЛдын билдирүүсүнө караганда, Израилдин аскерлери аймакта куралдуу жихадчыларды жана алардын инфратүзүмүн табышкан. Израил авиациясы ХАМАСтын курал-жарак кампасы, жер астындагы инфратүзүм жана башка объектилерди кошкондо ондогон аскердик буталарына чабуул жасады. Аскерлердин айтымында, палестиналык топтор Жабалияда өздөрүнүн ыкчам аракетин калыбына келтирүүгө аракет кылууда.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, израил армиясы мурдагы мектеп менен мечитке сокку урган. Андан 26 киши каза болуп, ондогону жараат алды. Мечит Газа тилкесинин Дейр-ал-Балах шаарында жайгашкан. ЦАХАЛдын маалыматына караганда, ушул эле райондогу мурдагы мектепке сокку урулган. Аскерлер бул эки имаратты тең ХАМАС буйрук берүүчү жана көзөмөлдөөчү борбор катары колдонуп келгенин билдиришкен.

Бир жыл мурун Израил Газа тилкесинин соңку тарыхындагы эң бир каардуу, кыйратуучу согушту баштаган. Израилдин армиясы бул датаны утурлай Газа тилкесинде рейд баштаган.

7-октябрда ХАМАС алдын ала көп багытта пландалган, бир нече саатка созулган кол салууну Газа тилкесинен ишке ашырган. Израил 1139 киши набыт болгонун, алардын ичинде 685 өз жараны жана 71 чет элдик бардыгын билдирген.

ХАМАСтын согушкерлери 251 израилдикти барымтага алган. Алардын дээрлик жарымы бошотулган, башкаларын хамасчылар коё берген. Бирок 100дөн ашуун туткун дагы деле Газа тилкесинде барымтада отурса, калганы тирүүлөрдүн катарында жок деп саналат. Алардын айрымдары жөөт армиясынын соккусунда кокусунан набыт болгон.

Дагы караңыз

Орусиялык мурдагы оппозициячыл активист Ильдар Дадин Украинада каза болдуКазакстандагы референдумга жалпы шайлоочулардын 63,87% катыштыИрандын бардык аэропортторунда аба каттамдары убактылуу токтотулдуГазадагы согуштун бир жылдыгына карата дүйнөнүн бир катар шаарларында ири жүрүштөр өттү