Аба ырайы: жаан жаайт

7-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустарында жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 гралус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Дагы караңыз

Украина дем алыш күндөрү Орусиянын армиясы 5130 жолу аткылаганын билдирди Венгрияда миңдеген киши мамлекеттик пропагандага каршы митингге чыктыКазакстанда АЭС куруу боюнча референдум өтүп жататБолот Темиров БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылдыӨзгөндө төрт балалуу келин киши колдуу болду