Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:14

Болот Темиров БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылды


Болот Темиров
Болот Темиров

Temirov Livе долбоорунун негиздөөчүсү, иликтөөчү-журналист Болот Темировго укуктук жардам көрсөтүп келе жаткан юристтер анын атынан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетине даттануу жиберишти. Бул тууралуу журналист "Азаттыкка" билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 47 барактан жана 100дөн ашуун бөлүктөн турган даттанууда журналисттин укугу бузулганы тууралуу далилдер чогултулган. Анда Темировдун сот адилеттигинен пайдалануу, пикирин эркин билдирүү укуктары бузулганы жөнүндө сөз болгон.

Темиров 2022-жылы күзүндө Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган деген айып менен өлкөдөн чыгарылган. Ал өзүнө коюлган айып негизсиз экенин айткан, сот иштерин журналисттик ишмердигине байланыштырган.

Ал түптөгөн Темиров LIVE жана "Айт Айт Десе" долбоорлорунда иштеген 11 журналист быйыл 16-январда кармалып, камакка алынган. Аларга "Массалык баш аламандыктарды уюштуруу" беренеси менен айып тагылган. Кийинчерээк алардын жетөө үй камагына чыгып, азыр төртөө абакта отурат.

Прокуратура 26-сентябрдагы сот отурумунда журналисттердин ар бирин алты жылдан эркиндигинен ажыратууну соттон сураган.

Прокуратуранын демилгесин бир катар эл аралык уюмдар сынга алып, кыргыз бийлигин 11 журналистти бошотууга чакырышты. Айыпталып жаткандар өздөрүнө тагылган кинени четке кагып келет.

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтып, "жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпасын" белгилеген. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG