Министр Кулубаев орус элчиси менен мигранттардын көйгөйүн талкуулады

Сергей Вакунов жана Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алып, кыргыз мигранттарынын маселесин талкуулады.

Бул тууралуу ТИМ билдирип, жолугушууда Орусиядагы кыргыз мигранттарынын балдарын мектепке киргизүү жана Орусиядан аэропорттон артка кайтарылган кыргызстандыктар боюнча сүйлөшүү болгонун кабарлады.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Москва шаарында жана Москва облусунда балдарын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандык мигранттардын көйгөйү боюнча буга чейин Орусиянын президентинин администрациясына, Тышкы иштер министрлигине жана Москва өкмөтүнүн Билим берүү департаментине бир нече кайрылуу жөнөткөн.

Орусия айрым мектептерде бош орундар жок болгондуктан мигранттардын балдарын кабыл алууда көйгөй жаралганын кабарлаган.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Папан суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушу башталды Запорожьеде Орусиянын аскерлеринин аткылоосунан эки адам каза болдуЖо Байден Израилдин Ирандын мунай объекттерине сокку уруусун колдобойтАба ырайы: жаан жаайтУкраина орус аскерлери кеминде 93 согуш туткунун өлтүргөнүн билдирдиБалыкчы-Корумду жолунун курулушчулары айлык ала албай жатышканын айтты