Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Папан суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушу башталды


Папан суу сактагычы.
Папан суу сактагычы.

Ош облусунда Ак-Буура дарыясындагы Папан суу сактагычына “Папан” чакан гидроэлектростанциясы курулат. Өкмөттүн басма сөз кызматы ГЭСтин курулуш ишине 5-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров капсула салганын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Папан суу сактагычына курулуучу чакан ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт, жылына орточо 103 млн кВт/саат электр энергия өндүрөт. Инвестициянын суммасы 27 млн доллар. Чакан ГЭСтин курулушу 2027-жылдын март айында бүткөрүлөт деп пландалган.

“Папан суу сактагычына чакан ГЭСти куруу өлкөбүздү энергетикалык көз карандылыктан куткарууга багытталган стратегиялык дагы бир кадам”, - деди Акылбек Жапаров.

Чакан ГЭС курула турган Папан ирригациялык суу сактагычы, Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан. Папан суу сактагычынын курулушу 1979-жылы башталып, 1985-жылы ишке берилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG