Евробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат

Кытай. Иллюстрациялык сүрөт.

Еврокомиссияда бүгүн 4-октябрда Кытайдын электромобилдери үчүн бажы бекетинде төлөнүүчү алым (пошлина) өлчөмүн жогорулатуу маселесине байланыштуу добуш берүү болду. Натыйжада Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн 10у «макул», бешөө «каршы» деген пикирин билдирди, 12си добуш берүүдөн карманды.

Мындай жыйынтык алымды жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Биримдиктин өкүлдөрү Кытай менен сүйлөшүүлөр дагы уланарын айтып жатканы менен жаңы тарифти быйыл ноябрдан тартып эле беш жылдык мөөнөткө киргизүү сунушталууда. Техниканын айрым түрлөрүн Кытайдан Европа Биримдигинин аймагына алып кирүүдө төлөнүүчү алым 45% чейин жогорулашы ыктымал.

Еврокомиссия алымдын өлчөмүн чукул арада жогорулатуу чечимине бир топ айдан бери жүргүзүп келген Кытайда жасалган электромобилдер боюнча изилдөөсүнүн натыйжайсында келип олтурат. Изилдөөнүн жыйынтыгы мындай машина чыгарган компаниялар мамлекеттен өтө көп өлчөмдө жардам алып, электромобилдерин Европа Биримдиги аймагында арзандатылган баада сатып келатышканын көрсөткөн.

Еврокомиссиянын төрага орун басары Маргаритис Схинас мындай демпинг (атаандаштарды сүрүп чыгаруу үчүн товарларды тышкы рынокто арзандатылган баада сатуу) европалык автомашина өндүрүүчүлөр үчүн коркунуч жаратып жатканын айтты .

Жаңы чечимге ылайык, тарифтер, негизги 10% тышкары, мисалы, Tesla компаниясы үчүн (Кытайда жасалган машиналарына) 7,8%, ал эми Еврокомиссиянын жогоруда аталган изилдөөсүнө катышуудан баш тартып койгон кытайлык компаниялар үчүн 35,3% чейин жогорулайт.

Алымды көбөйтүүгө каршы добуш берген өлкөлөр арасында Европадагы автоунаа өндүрүшү тармагындагы лидерлердин бири Германия болду. Бул өлкөнүн Автомобилдик өндүрүш бирикмесинин пикиринде, бажы тарифин жогорулатуу «европалык керектөөчүлөргө да, европалык ишканаларга да залакасын тийгизет» BMW компаниясынын аткаруучу директору Оливер Ципзе Евробиримдик менен Кытай соода согушун баштагандын ордуна ич ара сүйлөшүп алып иштей бергени туура болмок деп эсептейт.

Расмий Бээжин Еврокомиссиянын бүгүнкү чечимин сындап, жооп катары тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертти. (RK)

Дагы караңыз

4-октябрь: Кумтөрдө алтын өндүрүү азайды, Иркутскиде өзбек жана тажик мигрант активисттер кармалдыКемпир-Абад иши: Айыпталуучулар сотко ишенбестик көрсөтүштүБилим берүү: Мугалимге гүлдесте берип, аны алкоо менен чектелбейлиБосния жана Герцеговинада селден кеминде 14 адам каза болду