АКШда "Хелен" бороонунан каза болгондор 200дөн ашты

Түндүк Каролина.

АКШда бир апта мурдагы «Хелен» бороонунан каза болгондор эки жүздөн ашты, дагы жүздөгөн киши дайынсыз болууда. The Washington Post басылмасы 3-октябрда жазгандай, өмүрү кыйылгандардын саны кеминде 213 деп маалымдалды.

Куткаруучулар жабыркагандарды издөө, урандыларды, жолдорду тазалоо, азык-түлүк жеткирүү ишин күндөп-түндөп жүргүзүп жатышат. Аларга миңдеген аскер кызматкери көмөктөшүүдө.

Каза болгондордун жарымынан көбү Түндүк Каролинанын тургундары, ал жерде бир нече район таптакыр талкаланды.

Бороондун кесепетинен үйлөр, жолдор кыйрап, инфраструктура жабыркаган, алгачкы күндөрү 3,5 миллиондой адам электр жарыгысыз калган.

26-сентябрда Мексика булуңунда Флориданын жээгинен башталган бороон-чапкын андан кийин Жоржия, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Теннесси жана Алабама штаттарына чейин жетип, үч күндөн кийин басылган.

"Хелен" 2005-жылы 1800 адамдын өмүрүн алган "Катрина" бороонунан кийинки эң оор кырсык экени айтылууда.

Адатта АКШда бороон сезону 1-июндан 30-ноябрга чейин уланат.

Кошмо Штаттардын Океанды жана атмосфераны изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NOAA) быйыл бороон-чапкын сезону өзгөчө оор болорун эскерткен.

Азыркы тапта АКШда «Кирк» жана «Лесли» бороондорунун траекториясына байкоо жүргүзүлүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстан-Италия: Саясат, соода жана миграцияИркутскиде өзбек жана тажик борборлорунун жетекчилиги кармалдыЛиван жана Газадагы курч кырдаал, Хаменеинин кайрылуусуАба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт