Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт


5-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 25…27° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG