Айдос Садыковдун өлүмү боюнча маселе ЕККУ конференциясында көтөрүлдү

Бахытжан Төрегожина ЕККУ конференциясында.

Киши колдуу болгон казакстандык активист жана журналист Айдос Садыковдун өлүмү боюнча маселе Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) конференциясында көтөрүлдү.

Казакстандык укук коргоочу Бахытжан Төрегожина өз сөзүндө Садыковго кол салуу болгонуна үч айдан ашып калганын, бирок казак бийлиги тергөөнүн жүрүшү тууралуу алигүнчө эч кандай маалымат бербей жатканын, Садыковдун акыркы жылдары Украинада баш калкалап жашап келаткан үй-бүлөсүнүн өмүрү коркунучта экенин айтты.

«Үч ай өттү, бирок Акордо ЕККУга мүчө мамлекеттин аймагында болгон кол салуу тууралуу маалыматты билсе да үн катпай отурат. Коомчулукка да, жесири Наталья Садыковага да, Украинага да иштин тергелиши тууралуу эч кандай маалымат берилбей жатат. Азыр Наталья Украинада үч баласы менен өтө кооптуу абалда. Айдос Садыковду өлтүрүүгө ким буйрук берген? Эмне үчүн Казакстан өзүнүн оппоненттеринин башка өлкө аймагында ушинтип ачыктан-ачык өлтүрүлүшүнө жол берүүдө?», - деди Төрегожина.

Ошону менен катар ал ЕККУну жана тийиштүү эл аралык мекемелерди эл аралык укук нормаларына ылайык Казакстанды бул «кылмыш үчүн жооп берүүгө» чакырууну суранды.

Конференцияга катышкан АКШ делегациясы да Садыковдун өлүмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Ал эми «National Endowment for Prosperity» коомдук фондунун жетекчиси Үсөн Сулеймен өз сөзүндө Садыковдун өлүмүн «Казакстандагы журналисттердин коопсуздугунун жалпы көрсөткүчү катары кароо туура эмес экенин» айтып, окуя башка өлкөнүн аймагында болгонун белгиледи. Ал «казак бийлигинин буга тиешеси жок» деген пикирин кошумчалады.

56 жаштагы Садыковду быйыл 18-июнда Киевде атып кетишкен. Жубайы Наталья бул кол салууну алар «Бәсе» Youtube каналына жарыялап келген сын материалдары үчүн казак бийлигинин өч алуусу деп атаган.

Украин полициясы Алтай Жаканбаев жана Мейрам Каратаев атуу казакстандык эки жаран Садыковдун артынан аңдып жүрүп өлтүргөндөн кийин дароо өлкөдөн чыгып кетишкенин, Жаканбаевди териштирүү үчүн украин тарапка өткөрүп берүү өтүнүчүн Астана расмий түрдө четке какканын маалымдаган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев окуя болгон күнү дипломаттарга жана күч кызматкерлерине Киев менен байланышууну тапшырганын, казак мамлекеттик органдары «чындыкка жетүүгө жардам берүү үчүн тергөөгө катышууга даяр» экенин айткан. 2014-жылы Украинага көчүп барып, кийин ал жакта үй-бүлөсү менен башпаанек алган Садыковдун жубайынын айыптоолоруна комментарий берген эмес.

36 жаштагы Алтай Жаканбаев казак бийлигинин колуна өзү барып түшкөнү расмий маалымдалган. Ал эми 33 жаштагы Мейрам Каратаевге Киев эл аралык издөө жарыялаган.

«Азаттыктын» казак кызматы ачык булактардагы маалыматтарга таянып алар экөө тең атайын кызматтар менен байланышы бар болушу ыктымал деген таянакка келген.

Садыковдун жаназасы 5-июлда Киев облусунун Чайки айылындагы мечитте окулуп, сөөгү ошол жердеги мусулмандар көрүстөнүндө жерге берилген.

Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык «Азат» партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевди орусиячыл саясатчы деп сындаган. Садыков негиздеген YouTube каналдын миллиондон ашуун катталуучусу бар. (RK)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын дрон чабуулуна 15 облусу кабылганын билдирдиУКМК Бишкекте милиция кызматкерлери пара менен кармалганын билдирдиЭл аралык мунапыс уюму 11 журналистти актоого чакырдыКыргызстанда сөөк чучугун алмаштырууга даярдык башталды