Тегеран өз кадамын Ливандагы “Хезболла” уюмуна каршы Израилдин операциясы үчүн өч алуу катары түшүндүрдү. Расмий Тель-Авив Ирандын бул чабуулунун кесепети оор болорун эскертти. Ал арада ЦАХАЛ Ливандын түштүгүндө аскердик операциясын улантууда. Израилдин Тегеранга жообу кандай болушу мүмкүн? Израил кантип Тегерандын ракеталарын дээрлик баарын атып түшүрө алды?
1-октябрдын кечин Израилдин он миллиондой калкы бомбадан коргонуучу жайларда, көпүрөлөр алдында, метролордо өткөрүштү.
Ракеталык коркунуч тууралуу эскерткен сиреналар өлкөнүн бардык аймактарында жаңырып турду. Ал эми "Темир калкан" деп аталган абадан коргонуу системасы тынбай иштеп жатты. Иран Израилдин дээрлик бардык аймагына абадан ракеталар менен чабуул койду. Бул маалда Тегеран баш болгон Ирандын бир катар шаарларында тургундар аба соккулар үчүн кубанып, майрамдап жатышты.
ЦАХАЛ (Израилдин армиясы) ракеталардын дээрлик баары атып түшүрүлгөнүн билдирди. Алардын бири Гедер шаарындагы мектепке тийген. Имарат талкаланганы менен эч ким жабыркаган эмес.
Жалпысынан Ирандын аткылоосунан эки израилдик жараат алып, Батыш Жээкте ракетанын сыныгынан бир палестин набыт болгону маалымдалды.
Ирандын маалымат каражаттары кабарлагандай, жалпысынан 200 ракета, анын ичинде үндүн ылдамдыгынан тез учкан ракеталар менен сокку урулду. Ислам революциясынын Сакчылар корпусу бул чабуул Израилдин Газа тилкесиндеги жана Ливандагы аскердик операциясы, "Хезболланын" лидери Хасан Насралланын өлүмү үчүн өч алуу катары түшүндүрдү.
- “Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. Иран колдогон ливандык уюм Израилде жана АКШда террордук деп саналат. Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.
2-октябрда Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотконун, "зарылчылык жаралмайынча" улантпай турганын билдирди.
Израил бул чабуул жоопсуз калбастыгын эскертти.
"Иран бүгүн түнү чоң катачылык кылды жана мунун кесепетин тартат. Ирандын режими биздин өзүбүздү коргоо жана душмандардан өч алуу чечкиндүүлүгүбүздү түшүнбөй турат. Эми аларга жетет. Биз аныктап алган эрежебизден кайтпайбыз. Бизге ким гана болбосун кол салса, аларга чабуул коебуз", - деди Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.
Тегеран өз кезегинде эгер ЦАХАЛ Иранга чабуул койсо, кайрадан сокку кайтарарын билдирди.
"Бүгүнкү операция мындан да кеңири масштабда кайталанат жана алардын бүтүндөй инфратүзүмү жок кылынат", - деди Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, генерал-майор Мохаммад Багери.
Израилдин жообу кандай болушу мүмкүн?
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Нетаньяху менен Израилдин жооп чарасын талкууларын билдирди. Ал "Израил Иранга кандай жооп кайтарышы мүмкүн?" деген суроого: “Азырынча бул активдүү талкууланып жатат. Көрөбүз”, - деп кыска жооп узатты.
АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин Ирандын чабуулун “ачууну келтирген агрессия актысы” деп атады.
Демократиялык партиядан президенттикке ат салышып жаткан вице-президент Камала Харрис: "Иран Жакынкы Чыгыштагы дестабилдештирүүчү, кооптуу күч", - деди.
Иран сокку урууга даярданып жатканын бир нече саат мурда Кошмо Штаттары эскерткен. Аткылоо башталары менен Жо Байден чукул жыйын өткөрдү.
Пентагондун өкүлү, генерал-майор Патрик Райдердин айтымында, бул жолу баллистикалык ракеталардын саны буга чейинки Ирандын чабуулунда колдонулгандан эки эсе көп болгон.
- 1-апрелде Сириянын борбору Дамаск шаарында Ирандын элчилигине коюлган аба чабуулдан бир нече киши, алардын ичинен Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» эки генералы өлтүрүлгөн. Бул үчүн Иран Израилди айыптаган. Тель-Авив күнөөнү моюнуна алган да, четке каккан да эмес.
- 14-апрелге караган түнү буга жооп деген негизде Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, 170 учкучсуз учак, 120дан ашуун баллистикалык ракета, 30дай канаттуу ракета колдонулган, бирок Израил өзү жана союздаштары ошонун 99%, анын көбүн өлкөдөн тыш аймактан атып түшүрүүгө үлгүргөн.
Wall Street Journal басылмасы жазгандай, 1-октябрдагы чабуулдун алдында Израил буга сөзсүз жооп болорун, керек болсо Ирандын өзөктүк жана мунай объектилерине сокку уруларын эскерткен. ЦАХАЛдын Ирандын өзөктүк жайларына сокку уруу ыктымалдыгы тууралуу New York Times дагы жазды.
Axios басылмасы Израилдин күчтөрүнө таянып, Тель-Авив Иранга "бир нече күндүн ичинде" жооп кайтарарын кабарлады.
Чабуулдун алдында, айгай жаңыра баштаган кезде Тель-Авивдин Яффа деген бөлүгүндө эки куралчан адам трамвайда бараткан жана аялдамада турган адамдарды туш келди аткылай баштаган. Жети кишинин өмүрү кыйылып, 16дан ашууну жараат алганы кабарланды. Төртөөнүн абалы оор. Израил бийлиги "теракт" катары мүнөздөгөн окуяны ишке ашырууга шектүү эки адам жеринде жок кылынды. Азырынча бул чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
Израил кантип ракеталардын баарын атып түшүрдү?
Израилдин "Темир калкан" деп аталган абадан коргонуу системасы дүйнөдөгү эң натыйжалуу деп саналат. Бул системанын кубаттагычтары Израилдин бардык аймагында жайгаштырылган. Бир кубаттагычта 60-80 ракетаны жок кылуучу түзүлүш бар.
"Темир калкан" жакындап келаткан ракеталарды радар менен аныктап, кайсынысы калктуу конушка түшүшү мүмкүн деп эсептеп чыгат. Абадан коргонуу каражаттары дал ошол ракеталарды бутага алып, ал эми калгандары эл жашабаган талаа-түзгө түшө берет.
ЦАХАЛдын ырастоосуна караганда, "Темир калкан" аныктай алган ракеталардын 90% атып түшүрө алат. Комплекс бул үчүн "Тамир" ракеталарын колдонот. Алардын ар бири 50 миң доллардан турат.
"Темир калкан" 2006-жылы Израил менен "Хезболланын" ортосундагы согуштан кийин ойлоп чыгарылган. Буга ливандык уюмдун Израилдин аймагына төрт миңдей ракета учуруп, ондогон жарандардын набыт болушу түрткү болгон.
Бул жолу Иран чабуулунун мизин кайтарууга Израилдин өнөктөштөрү да көмөктөштү.
Пентагондун өкүлү билдиргендей, чөлкөмдөгү АКШнын аскердик флоту Израил тарапка багыт алган ракеталарга каршы абадан коргонуу системаларын колдонгон. "Би-Би-Си" 1-октябрда Ирандын ракеталарын атып түшүрүүгө Британиянын Аба күчтөрүнүн бомбалоочу учактары да жардам бергенин жазды.
Апрелдеги Ирандын чабуулу маалында да АКШ, Британия, Франция жана Иордания Израилге ракеталарды атып түшүрүүгө көмөктөшкөн.
ЦАХАЛ Ливандагы жана Газадагы аскердик операцияларын улантууда
"Хезболланын" жоочулары Ливандын түштүгүндөгү кыштакка кирип барган израилдик аскерлер менен кагылыша кеткенин 2-октябрда билдирди. Ливандын бийлиги жөөт жоокерлери өлкө түштүгүнө кыска убакытка кирип чыкканын маалымдады. Бул "Хезболланын" лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөндөн кийин жасаган алгачкы билдирүүсү. Уюм Израил армиясы менен согушууга курал-жабдыгы жетиштүү экенин кошумчалады.
Ливандын түштүгүндө кармаштар жүрүп жатканын ЦАХАЛ да ырастады. Таратылган маалыматка караганда, израил армиясы бир нече райондо операция жүргүзүүдө.
Израил Ливандагы "Хезболлага" каршы аракетин чек аралаш аймактардагы өз жарандарынын коопсуздугу үчүн жүргүзүп жатканын жүйө келтирет.
Израил менен "Хезболла" Газада согуш тутанган былтыр 7-октябрдан бери тирешип келген. Сентябрдын ортосунда Израил Ливанга аба соккуларын күчөттү.
27-сентябрдагы соккуда "Хезболланын" лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн.
Газа тилкесинде Израилдин соңку соккуларынан дагы ондогон кишинин өмүрү кыйылганын 2-октябрда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн бул анклавдын саламаттык сактоо мекемеси кабарлады.
AP маалымат агенттиги билдиргендей, сектордун түштүк тилкесиндеги катуу талкаланган Хан-Юнис шаарында Израилдин жердеги операциясынын натыйжасында бир суткада кеминде 51 адам каза болду, 82си жараат алды. Өмүрү кыйылгандардын арасында аялдар жана 12 бала бар, балдардын эң кичүүсү эки жашка чыга элек наристе болчу.
Газадагы согуштун тутанышына ХАМАСтын Израилге 7-октябрдагы чабуулу түрткү болгон. Анда жоочулар Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алып чыгып кеткен. ХАМАСтын колундагы туткундардын жүздөйү бошотулган, дагы 130дайы Газада кармалып турары кабарланып келет. Алардын айрымдары каза болушу мүмкүн деген маалыматтар бар.
Израилдин өзүндө туткундарды бошотуп, ок атышууну токтотууга чакырган ири масштабдагы митингдер утур-утур өтүп келет. Айрым израилдиктер бул үчүн өз өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну күнөөлөп, анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.
АКШ, Катар жана Египеттин Израил менен ХАМАСтын ортосунда тынчтык макулдашуусун түзүү аракетинен майнап чыга элек.
Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш жүрүп жаткан бир жылдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты.