Токтогул суу сактагычында суу 13 млрд метр кубдан ашты

Токтогул суу сактагычы. Июль, 2024-жыл

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2-октябрга карата 13,035 метр кубга жеткенин "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Ага ылайык, бүгүнкү күнү суу чөйчөккө секундасына 381 метр куб суу агып кирсе, иштелген суунун көлөмү секундасына 354 метр кубду түзүп жатат.

Эки ай мурун, 2-августта суу сактагычта 11,9 млрд метр куб суу болгон.

Былтыр, 2-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,759.42 метр куб болгон.

Энергетика министрлиги быйыл жайкысын да керектөө чектен ашып, сууну иштетүү күч алганын белгилеп, электр энергиясын кышка сактоо зарылчылыгын эскерткен.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 2023-жылы калк 17 млрд 189 млн кВт/саат электр энергиясын керектеген. Кыргызстан өзү өндүргөн жарык муктаждыкты толук жаппайт. Ушундан улам чет жактан 3 млрд 488 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алып, 138 млн кВт/саат чет өлкөгө экспорт кылган. Ошол эле учурда энергетика тармагындагы жалпы жоготуулар 2 млрд 538 млн кВт/саат электр энергиясын түздү.

Былтыр электр жарыгынын тартыштыгынан кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынган.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.

2007-2008-жылдарысуу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп каларын эскертишет.


Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата 2 жана Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 87% жакынын өндүрөт.(ZKo)

Дагы караңыз

Украинада Орусиянын соккусунан Түркия жараны жараат алды 12 миң доллар пара алууга шектелип камалган судья акталганы белгилүү болду Украина Угледар шаарындагы аскерлерин чыгарып кеткенин ырастады Абакта отурган айрым жарандарды жылына бир жолу үйүнө жиберүү сунушталуудаГрузия президенти ЛГБТга каршы мыйзамга кол коюудан баш тартты