Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

Украина Угледар шаарындагы аскерлерин чыгарып кеткенин ырастады


Украин аскерлери Угледар шаарында. Архивдик сүрөт.
Украин аскерлери Угледар шаарында. Архивдик сүрөт.

Украина Угледар шаарындагы аскердик бөлүктөрүн чыгарып кетти. Бул тууралуу бүгүн 2-октябрда "Азаттыктын" украин кызматы ыкчам-стратегиялык "Хортиця" аскерлер тобунун маалыматына таянып билдирди.

Топтун Телеграмга жарыяланган билдирүүсүндө аскерлердин аталган шаардан чыгып кетүүсүнө уруксат берилгени, негизги максат “жеке курамды жана аскердик техниканы сактап калуу, мындан аркы аракеттер үчүн турумдарды ээлөө” болгону айтылды.

Орусия узакка созулган бул кармашта көптөгөн аскерин жоготконуна карабастан Угледарды басып алуу аракетин токтотпой койгону, улам жөнөтүп турган резервдери украин аскерлеринин коргонуу мүмкүнчүлүгүн алсыратканы, натыйжада курчоодо калуу коркунучу жаралганы белгиленди.

Угледар жайгашкан Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин 1-октябрда шаардын борбордук бөлүгүндө кармаш жүрүп жатканын, калаада 107 жайкын тургун бар экенин айткан. Ошол эле күнү кечинде DeepState долбоору орус аскерлери шаарды ээлеп алышканын жазган.

АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) талдоочулары 2-октябрдагы баяндамасында Угледар Орусиянын көзөмөлүнө өткөнү анык болушу ыктымал экенин жазды, бирок бул жагдай Донецк облусунун батыш тилкесиндеги Орусиянын чабуулунун жүрүшүн түп-тамырынан өзгөртөрү күмөн экендигин белгиледи.

Ал тапта украин президенти Владимир Зеленский Украина "дүйнө коопсуздугунун негизги катышуучуларынын бири жана курал-жарак, коргонуу технологиялары боюнча дүйнөлүк базардагы күчтүү оюнчулардын бири болууга" умтулуп жатканын билдирди.

1-октябрда Коргонуу өнөр жай форумунда сүйлөп жатып ал 4 миллионго чейин согуштук дрон жасоо мүмкүнчүлүгү тууралуу айтты:

"Украинада азыр жыл сайын чыгара ала турган учкучсуз учактардын жалпы саны 4 миллионду түзөт, 1,5 миллиондон ашууну боюнча келишим түзүлдү. Биз украиналык курал-жарактын таптакыр жаңы классын - алыскы аралыкка учуучу "Паляница" ракеталык учкучсуз аппаратын жасадык. Баллистикалык ракетабыз учуу сыноолорунан ийгиликтүү өттү. "Нептун" ракеталары канчалык эффективдүү экенин ар бир адам көрүп турат." (RK)

XS
SM
MD
LG