Президент Жапаров Тай-Мурас Ташиев Өзгөн жолунун курулушуна инвестор тапканын айтты

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун иликтөөсү, жолдордун курулушу тууралуу 2-октябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Өзгөндөгү айланма жолду салууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев инвестор тапканын айтты. Ал мамлекет узак убакытта өзүн актай турган долбоорлорго каражат салбай турганын, мындай иштерге жеке жактарды тартууга кызыкдар экенин кошумчалаган.

"Мамлекеттин акчасын натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек. Ошондуктан, бул Өзгөн айланма жолун эле эмес, өлкө боюнча бир топ жолдорду жеке менчик жактарга бергенге даярбыз. Эгер кимде-ким “мен салам” десе, бүгүн бергенге даярбыз. Алар кайсы жолдор: Суусамыр – Арал, Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолуна чейин 115 чакырым, Алматы – Кемин – Ысык-Көл – 150 чакырым, Бишкек – Кемин айланма жолу – 105 чакырым, Кыргызстандын аймагындагы Кара-Булак айылына (Кемин району) чыгаруу пландалган Алматы – Узынагаш – Каракастек – Сураншы-Баатыр – Кастек – Карасай-Баатыр автомобиль жолунун жалпы узундугу 88,4 чакырым, Ош шаарынын айланма жолу – 35 чакырым, Ноокатта 12 чакырым жол. Жана башка дагы бир топ жолдорду бергенге даярбыз. Бирок бир дагы компания же жеке жактар мен салам деп келген жок. Анткени жол өзүн-өзү узак убакытта актайт. Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Тай-Мураска рахмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келип, салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Тай-Мурас эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо, өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да".

Президент Жапаров мурдагы иликтөөлөрдө аты аталган уулу Рустам Жапаров тууралуу да суроого жооп берген. Уулу инвесторлорду тартуу менен алек болуп, Ысык-Көлдө гольф аянтчасын салдырып жатканын айткан:

“Андан сырткары, өлкө боюнча ар бир айылга жарыгы менен камсыз болгон футбол аянтчасын курдурам деп былтыр иш баштаган. Бүгүнкү күндө Түп, Ак-Суу райондорун бүтүрүп, Жети-Өгүзгө жетип калды. Азыр эми бир эле маалда тигил жагы Баткенден, бул жагы Ат-Башыдан баштайбыз деп турушат. Алдыдагы 5 жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбайт деп жар салбай эле, мактанбай эле иштеп жүрүшөт”, - деди Жапаров.

Журналист Болот Темировдун Temirov Live Ютуб каналында 1-октябрда "Өзгөндөгү жолго Тай-Мурас ээлик кылат. Ташиев баласына иш козгой алабы?" деген иликтөө чыккан. Анда Өзгөн айланма жолун “Тез жол” компаниясы салып жатканы, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Тай-Мурас Ташиев экени айтылган.

Буга чейин аталган каналда президенттин уулу Рустам Жапаровдун Кыргызстандагы ири долбоорлор менен байланышы тууралуу иликтөөлөр жарыяланган. Быйыл май айында OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” медиалары биргелешкен иликтөө жарыялап, Кыргызстандагы мамлекеттик ири курулуштар өлкө башчысы Садыр Жапаров, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жакын адамдарынын компанияларына берилгенин айтып чыккан. Бул материалда президенттин уулу, 27 жаштагы Рустам Жапаровдун да ысымы аталган.

30 жаштагы Тай-Мурас Камчыбек Ташиевдин тун уулу. Ал 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешке депутат болуп шайланган жана көп өтпөй ишкерлик менен алектенерин айтып, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Өткөн аптада Тай-Мурас Ташиев Бишкектеги түнкү клубдардын биринде ок атылды делген окуяга катышканы тууралуу соцтармактарда кабар тараган. “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Ташиевдин уулу окуя катталды деген 23-сентябрда умрада болгонун белгилеп, анын сүрөтүн, авиа билетин жарыялаган. Кийинчерээк ИИМ Тай-Мурас Ташиев тууралуу жалган маалымат тарап жатканын билдирген.

Камчыбек Ташиев сентябрда Кыргызстанда бийлик тууган-туушкандарын жана жакындарын мамлекеттик ишке аралаштырбай турганын билдирген. Тууган-уруктарды бийликке аралаштырбоо боюнча президент Садыр Жапаровдун да тапшырмасы бар экенин айткан.

Ал уулунун ысымы аталган иликтөө тууралуу комментарий бере элек.

Дагы караңыз

"Кыргызгеология" 2025-жылы Жетим-Тоодо чалгындоо иштери башталарын билдирдиИран Израилге жооп кайтаруусу "аяктаганын" билдирдиАба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтТашиев УКМК кызматкерлеринин маморгандардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салды