Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:38

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


3-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG