Ташиев УКМК кызматкерлеринин маморгандардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салды

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кызматкерлерин мамлекеттик органдардын ишине негизсиз кийлигишүүсүнө тыюу салган буйрукка кол койду.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 2-октябрда билдирди.

Маалыматта Камчыбек Ташиев өткөргөн кеңешмеде өздүк курамга эскертүү бергени, атайын кызматтын жетекчилеринин жакындарынын өтүнүчүн канааттандыруу үчүн мамлекеттик мекемелерге кийлигишүүгө тыюу салганы жазылган.

30-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы Камчыбек Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга жардам берген атайын кызматтын жети кызматкерине чара көрүлгөнүн маалымдаган.

Ташиев буга чейин 25-сентябрда атайын кызматтын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнө курулган жаңы имараттын ачылышында сүйлөп жатып Кыргызстанда бийлик тууган-туушкандарын жана жакындарын мамлекеттик ишке аралаштырбай турганын билдирген. Тууган-уруктарды бийликке аралаштырбоо боюнча президент Садыр Жапаровдун да тапшырмасы бар экенин айткан.

Кыргызстанда мурдагы бийликтердин убагында үй-бүлөсү, жакындары, дос, туугандары мамлекеттин ишине кийлигишкени, адамдарды кызматтарга чейин дайындоо сыяктуу маселелерге аралашканы тууралуу сын-дооматтар айтылып келген. Анын арты элдик нааразылыкка жана президенттердин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсүнө чейин жеткен учурлар болгон. (TAb)

Дагы караңыз

Сегиз айда өрттөн 35 адам каза болдуБалдарга берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүү каралуудаФранцияда азербайжандык активист киши колдуу болдуСоциалдык келишим алгандардын айрымдары айына 20 миң сомдон киреше таап жатканы айтылды