"Кыргызгеология" 2025-жылы Жетим-Тоодо чалгындоо иштери башталарын билдирди

Жетим-Тоо, Нарын облусу. Архив.

“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштерин баштоону пландоодо. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын директору Эламан Муратов парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 1-октябрдагы жыйынында билдирди.

Анын маалыматында, ишкана тоо кендери боюнча чыгымдар, жасала турган жумуштар жана запастарды аныктоо иштери камтылган беш жылдык план кабыл алган. Анын ичинде Жетим-Тоо кени да бар экенин, учурда долбоор даярдалып экспертизага берилгенин тактады.

Муратов чалгындоо иши үчүн лицензия “Кыргызгеологияга” берилгенин жана бул иштерди ишкана өзү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Депутат Мирлан Самыйкожо кендеги чалгындоо иштеринен кийин кайсы жумуштар жүрөрүн сурады.

“Чалгандагандан кийинки жумушту Кыргыз геология кызматына өткөрүп беребиз. Биз кендин запасын бекитип беребиз. Андан ары же аукционго коёт же инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт”, - деди Муратов.

Ал кендин запастарын аныктап коюп, иштетүү маселеси кийинге калышы мүмкүн экенин, экономикалык жагынан пайда-зыяны такталарын кошумчалады.

Былтыр майда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Жетим-Тоо кенин мамлекет 100% өзү иштетерин, “бир пайызы да бирөөгө берилбей турганын” билдирген.

Кенди иштете турган каржы аныкталганын, мамлекет темир завод куруп, жумушчулар да жергиликтүүлөрдөн алынарын, чет элдик компаниялар катышпай турганын тактаган.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда кенде беш миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.

Кийин жарандык активисттер “Жетим-Тоо темир кенин коргоо” кыймылын түзгөн. Айрым жергиликтүү тургундар кенди иштетүүгө каршы чыккан.

2022-жылы август айында кендин айланасындагы талкуу кайра күчөгөн. Садыр Жапаров анда азырынча Жетим-Тоону иштетүүгө даярдык көрүлө электигин, бирок геологиялык иштер жүргүзүлүп, кендин корун тактоо буйругу берилгенин маалымдаган. (TAb)

Дагы караңыз

Сегиз айда өрттөн 35 адам каза болдуБалдарга берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүү каралуудаФранцияда азербайжандык активист киши колдуу болдуСоциалдык келишим алгандардын айрымдары айына 20 миң сомдон киреше таап жатканы айтылды