Кыргызстандан аркардын уругун жашыруун ташыган АКШ жараны кесилди

Алтай аймагындагы аркар.

Кызыл китепке кирген, Кыргызстандагы аркардын генетикалык материалын пайдалануу менен койдун жаңы түрүн чыгарууга аракеттенген 81 жаштагы америкалык жаран алты айга кесилди.

Андан тышкары Артур "Жек" Шубартка 20 миң доллар айып пул салынып, Американын Балык ресурстары жана жапайы табият фондуна төрт миң доллар төлөөгө милдеттендирилди.

Американын аймактык судьясы Брайан Моррис Шубарттын жаш курагын жана буга чейин соттолбогонун эске алганын билдирди. Бул тууралуу CBS телеканалы кабарлады.

"Кылган кылыгымды оңдош үчүн эми мага өмүр бою иштөөгө туура келет",-деди Шубрат сот өкүм чыгарар алдына.

Ага эл аралык мыйзамдарды жана жергиликтүү жаныбарлардын түрлөрүн коргоону караган Лейси мыйзамын бузду деген айып коюлду.

Маалыматка караганда, Шубарт Монтанадагы чарбасында Кыргызстандагы аркардын генетикалык материалын колдонуп, эмбриондорду клондоого аракеттенген. “Кызыл китепке” кирген бул жаныбардын салмагы 135 килограммга, мүйүзү бир жарым метрге жетет.

Ошол аркардын уругун ал кийин мындан да чоң койдун жаңы түрүн чыгаруу үчүн пайдаланган. Шубарт кийин ал койду аңчылык ранчолоруна сатууну көздөгөн. Ал беш киши менен кошо Марко Поло тукумундагы материалдарын мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылганы боюнча күнөөлүү экенин мойнуна алган.

АКШ бийлигинин маалыматында, аркарлардын генетикалык материалын Кыргызстандан ташып келгенде аны декларацияга жазган эмес.

Эл аралык коргоого алынган бул жаныбарга жергиликтүү кой менен аргындаштырууга тыюу салынган.

Дагы караңыз

ЦАХАЛ Иран Израилдин аймагын ракета менен аткылаганын билдирдиФранцияда азербайжандык активист киши колдуу болдуӨкмөттүн санариптештирүү ишине сын айтылды