Австрияда парламенттик шайлоодо ашынган оңчулдар алдыга чыкты

Герберт Кикл (ортодо). 2024-жылдын 29-сентябры.

Австрияда ашынган оңчулдардын Эркиндик партиясы 29-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо озуп чыгып, добуштардын эң көбүнө ээ болду. Өзүлөрү бул жеңишин тарыхый деп атап жатышат, анткени буга чейин өкмөттү башкарууга коалиция курамында катышып келген болсо, эми алгачкы жолу жалпы өлкө боюнча өткөн шайлоодо биринчи орунга жетишишти.

«Биз жаңы доорго эшик ачып кирип бара жатабыз. Эми биз чынында эле Австриянын жаңы тарыхын сиздер менен чогуу жазабыз. Биринчи кезекте эл, андан кийин канцлер экенине көзүбүз жетти», - деди партия лидери Герберт Кикл.

Эми партия шайлоодон уткан башка партиялар менен коалиция түзүп, өлкөнү башкаруу ишине кирише башташы зарыл, бирок, талдоочулардын айтымында, мунасага жетишүү оңой болбойт, анткени азырынча Киклдин партиясы менен биригүүдөн башкалар баш тартууда.

Соңку эсеп боюнча, Эркиндик партиясы добуштардын 28,8% алды. Ал эми азыркы бийликтеги консерваторлордун Элдик партиясына 26,3% тийди.

Франциянын ашынган оңчулдарынын лидери Марин Ле Пен Австрияда Киклдин партиясы утканына кубанычта экенин айтып, алардын жеңишин "улуттук кызыкчылыктарды коргоо, иденттүүлүктү сактоо жана эгемендикти калыбына келтирүү толкуну" деп атады.

Эркиндик партиясынын 2021-жылдан берки лидери, мурдагы ички иштер министри, 55 жаштагы Герберт Кикл Венгриянын премьер-министри, орусиячыл саясатчы Виктор Орбандын жакын союздашы. Чехиянын оппозициялык лидери, мурдагы премьер-министри, миллиардер, ANO партиясынын башчысы Андрей Бабиш менен биргеликте алар үчөө жакында Европа парламентинде ашынган оңчулдардын жана улутчулдардын «Патриоттор Европа үчүн» деген оппозициялык коалициясын түзүшкөн.

Кикл Евробиримдиктин Украинага көрсөтүп жаткан колдоосуна, Орусияга карата жарыяланган санкцияларга каршы пикирдеги, Украинадагы согуш үчүн биринчи кезекте АКШ жана НАТО жооптуу экенин айтып келаткан саясатчы. Ал эгер бийликке келсе Австрия бул маселеде бекем нейтралитет позициясын карманарын айтууда. Оппоненттери аны кремлчил саясатчы деп сындашат.

Киклдин партиясы миграцияны да чектей турганын, башпаанек берилбей каларын убада кылууда.

Австрия НАТОго мүчө эмес, нейтралдуу мамлекет. Азыркы бийлиги Украинаны колдоп, Орусияны сындаган позицияда. Австрия Орусиянын мунай азыктарынан көз каранды өлкө экени да белгилүү. (RK)

Дагы караңыз

БШК: Айылдык кеңештерге шайлоодо талапкерлер күрөө койбойтХАМАС Ливандагы өкүлү каза болгонун жарыялады"Так калтырбай сабаган". Токмоктогу зомбулук, милициянын кечиккен маалыматы Орусия мыйзамсыз мигранттар реестрин ачык жарыялайт