Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:19

ХАМАС Ливандагы өкүлү каза болгонун жарыялады


Тир шаары. Палестин качкындарынын Эл-Басс лагери. 2024-жылдын июль айы.
Тир шаары. Палестин качкындарынын Эл-Басс лагери. 2024-жылдын июль айы.

ХАМАС палестин тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) өзүнүн Ливандагы штабынын башчысы Израилдин соккусунан каза тапканын жарыялады. Бул тууралуу 30-сентябрда ТАСС жана Times of Israel басылмалары жазды.

ХАМАСтын билдирүүсүндө топтун Ливандагы лидери жана чет мамлекеттердеги жетекчилигинин мүчөсү Фатех Шериф Абу эл-Амин Ливандын түштүгүндөгү Тир шаарында жайгашкан палестин качкындарынын лагериндеги үйүнө урулган соккудан мерт кеткени, аялы жана уулу менен кызы да каза болгону айтылды.

30-сентябрга караган түнү Израил армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын түштүк аймактарынын көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Хезболла” куралдуу тобунун Ливандын чыгышында жана түштүгүндө жайгашкан объектилерине бир нече жолу абадан сокку урганын, курал-жарак сакталган жайларын талкалаганын маалымдаган.

Израил “Хезболлага” каршы "Түндүк жебелер" операциясын 23-сентябрда баштап, максаты анын аскердик инфраструктурасын жок кылуу, Израилдин түндүгүндөгү эвакуация болгон жарандарынын кайрадан үйүнө тынч кайтышына шарт түзүү экенин билдирген.

АКШ, G7 жана ЖакынкыЧыгыштын алдыңкы өлкөлөрү Израил-Ливан чек ара тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна жол бербөө, атышууну токтотуу жана сүйлөшүүнү жүргүзүү зарылдыгын айтышкан.

Израил армиясы да, андан кийин «Хезболла» өзү да топтун башчысы Хасан Насралла 27-сентябрда Ливандын борбор калаасы Бейрутта жапырт авиачабуулдан каза болгону тууралуу маалыматты расмий тастыктаган.

«Хезболла» Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган, Иран колдогон ливандык топ. Былтыр октябрда анын өнөктөшү ХАМАС тобунун кандуу чабуулуна кабылгандан кийин Израил Газада ХАМАС, коңшусу Ливандын түштүгүндө «Хезболла» менен согушуп келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG