Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:22

Орусия мыйзамсыз мигранттар реестрин ачык жарыялайт


Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин же орус жарандыгы жоктордун реестри 2025-жылдын март айынан тартып ачык болот. Бул тууралуу бүгүн 30-сентябрда ТАСС жана «Ведомости» басылмалары жазышты.

Алардын маалыматына караганда, реестр Ички иштер министрлигинин сайтында болот, каалаган киши ал жакка кирип, өзү тууралуу маалыматты тактай алат. Өздүгүн тастыктаган документиндеги башка маалымат ал жерден көрүнбөйт.

Орусияда уруксатсыз жүргөн чет элдиктердин атайын реестри түзүлүп жатканын, ага илинген мигранттар машина айдоо, банк кызматынан пайдалануу, менчик укугун каттоого тургузуу, нике документин алуу, балдарын бала бакчага жана мектепке орноштуруу укугунан ажырай турганын жакында өлкөнүн ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой билдирген.

Жетекчинин айтымында, бүгүнкү күндө Орусияда чет өлкөлүктөдүн 9% – мыйзамсыз жүргөн мигранттар, алардын жалпы саны 739 миңдин тегерегинде. Көпчүлүгү Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Армениянын жана Азербайжандын жарандары.

Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурулган. Мигранттардын агымы соңку он жылдан бери эң төмөнкү көрсөткүчкө түшкөнүн экономисттер жумуш күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кризистин жаралышы катары баалап жатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG