Кыргыз-казак чек арасындагы кезек көйгөйүн чечүү маселеси көтөрүлдү

Архив сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Лейла Лурова кезек күтүп турган унаалардын катары узарып жатканын белгилеп, аларды өткөрүүнүн жол-жобосун жеңилдетүүнү жана Казакстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүнү сунуштады.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бул боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп турарын, быйыл чек арадан өткөрүүдө олуттуу көйгөй катталбаганын билдирди. Ал жүк ташуучу унаалар өтө турган үч бекет бар экенин, бул жайларда кезектин пайда болушуна жүктөрдү текшере турган рентгендердин кээде бузулуп калышы себеп болорун түшүндүрдү.

Дагы бир депутат Чыңгыз Айдарбеков ушул көйгөй менен ага бир катар ишкерлер кайрылганын, анда чек арадан өтүү үчүн акча талап кылган учурлар да бар экенин айтты.

“Ошол сканерлер бир топ жылдан бери оңолбой эле турат, “жасап жатабыз” деп эле айтышат. Бул жаатта казак тарап менен расмий, бейрасмий түрдө сүйлөшүүбүз керек”, - деди Айдарбеков.

Министр Кулубаев чек арадан өткөрүү үчүн акча талап кылган учурлар боюнча конкреттүү фактылар керек экенин, азырынча мындай маалымат түшпөгөнүн белгиледи.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде жүк ташуучу унаалардын кезеги утур-утур катталып турат. Чек ара кызматы муну адатта сезондук көрүнүш катары баалап, Казакстан аркылуу ташылып өтүүчү азык-түлүктүн көбөйгөнүнө байланыштырат.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы беш көзөмөл-өткөрмө бекети бар. Чүй облусунда “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол” жана Талас облусунда “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттери иштейт. (TAb)

Дагы караңыз

БШК: Айылдык кеңештерге шайлоодо талапкерлер күрөө койбойтХАМАС Ливандагы өкүлү каза болгонун жарыяладыОрусия мыйзамсыз мигранттар реестрин ачык жарыялайтӨзбекстанда окуучуга кол көтөргөн мугалим айыппул төлөйт