Азияда рекорд койгон спортчу Тобокел Мамыров тууралуу китеп жарык көрдү

Журналист жана публицист Амирбек Азам уулунун "Тобокел Мамыровдун бийиктиги" деп аталган эмгеги. 30-сентябрь, 2024-жыл.

Журналист жана публицист, "Азаттыкта" көп жылдар эмгектенген Амирбек Азам уулунун "Тобокел Мамыровдун бийиктиги" деп аталган эмгеги жарык көрдү. Китепте XX кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымында бийиктикке секирүүдөн Азиянын рекордчусу болгон Тобокел Мамыровдун өмүр жолу баяндалат.

Мамыровдун 1950-1961-жылдары спорттун бештен ашык түрүнөн жетишкен ийгиликтери китепте кеңири сөз болот. Ошондой эле анын өзү катышкан ири спорттук мелдештер жана башка маанилүү коомдук окуялар камтылган.

Китепте өлкөдөгү спорттун, анын ичинде жеңил атлетика менен волейболдун өнүгүүсү кандай болгону фактылар, гезит бетинде ошол кезде жазылган эскерүүлөр, макала, маектер аркылуу берилген.

Китептин автору Амирбек Азам уулу Усманов.

Китептин автору Амирбек Азам уулу Усманов Кыргызстандын таанымал журналисти жана публицист. Ал котормочулук менен да алектенип келет. Орто кылымдардагы айтылуу “Кабуснаме” чыгармасын орус тилинен кыргызчага которуп, котормо 2009-жылы китеп болуп чыккан.

2013-жылы Чех тарыхчысы Петр Кокайсл менен бирдикте жазган "Кыргызстан тарыхы күбөлөрдүн көзү менен" аттуу даректүү китеби Прагада чех тилинде, Бишкекте орус тилинде, 2014-жылы кыргыз тилинде жарык көрдү.

2013-жылы "Чаувайдан Чехияга канат кагып" аттуу публицистикалык жыйнагы жарыяланган.

1921-жылы "Түндүк Америка: индей туугандарыбыздын керемет жомоктору"(Адабиятташтырып жазган Жозеф Бручек) деген котормосу жарыкка чыккан.

Экономикалык жана социалдык көйгөйлөргө, тарыхый-документалдык, саясий жана башка темаларга арналган жүздөгөн публицистикалык макалалардын автору. (TAb)

Дагы караңыз

Президент Жапаров айдоочулук күбөлүк сатуу тыйылбай келгенин билдирди Израил Йеменде хусилер көзөмөлдөгөн портко сокку урдуБорбор Азия: Мамлекеттик телеканалдар Украинадагы урушту айтабы?Румынияда кайрадан суу ташкын коркунучу жаралды“Эркин-Тоодогу” элдин үнү, атылган агартуучулар