Непалда сел кырсыгынан улам 100дөн ашык адам мерт болду

Непалда сел кырсыгында жүздөн ашык адам мерт болду жана дагы 60тан көп кишинин дайыны чыкпай жатат.

Өткөн жума күндөн бери тынбай нөшөрлөп жааган жаандан улам суу ташыган.

Болжол менен үч миңден ашык тургун коопсуз жайга көчүрүлдү. Селден улам жер көчкү коркунучу көбөйдү.

Ташкын каналдарды, канализацияларды жууп кетти, электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.

Непалдын борбор шаары Катманду баштаган бир катар аймактарда мектептердеги окуу убактылуу токтотулду. Жергиликтүү бийлик караңгыда машина менен жүрүүгө тыюу салды.

Синоптиктер жаан бери дегенде шейшембиге чейин токтобошу мүмкүн экенин эскертип жатат. Куткаруу иштерине миңдеген полиция кызматкери, ыктыярчылар дагы тартылды,

Непалда муссон маалында жылда сел жана жер көчкү жүрөт. Бирок соңку кездери кырсыктын кесепети өсүп баратат. Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүшү, Дүйнөлүк океан ылдам бууланып, абанын тез нымдашканы, анын негизинде жаан-чачын көбөйгөнү менен байланыштырып келет.

Дагы караңыз

"Манас" аэропорту Нарын аба майданы сапатсыз оңдолгонун четке какты Кенге лицензия берген комиссияны жоюу тууралуу токтом даярдалып жататОрусия: Коргоо министрлиги 125 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиКыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү алты айда 33,3%ке өстүРахманов Ташиевдин уулу жөнүндө жалган маалымат тарап жатканын билдирди Блинкен АКШ Киевди колдоосун олуттуу күчөткөнүн билдирди Бишкек мэриясы тургундардан таштандыны кечкисин чыгарууну сурандыТокмок: аялын такай сабаган деген мурдагы аскер кызматкери камалды