Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:32

Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү алты айда 33,3%ке өстү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү быйыл алты айда 3,6 миллиард долларга жетип, 33,3% көбөйдү. Бул тууралуу 26-сентябрда Бишкекте экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун коңшу өлкөнүн делегациясы менен жолугушуусунда айтылды. Аталган министрликтин билдиришинче, анда тараптар негизинен айыл чарба, өнөр жай жана туризм жаатында кызматташууну улантууну талкуулады.

Өткөн аптада Бээжинде Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйыны өткөн.

Расмий маалыматка ылайык, тараптар өз ара сооданы дагы өнүктүрүүгө, инвестициялык, тоо-кен, финансы тармактарында кызматташтыкты тереңдетүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоо маселелерине көңүл бурган.

Кытай тараптын маалыматына караганда, 2023-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 20 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 32% өскөн.

XS
SM
MD
LG