"Манас" аэропорту Нарын аба майданы сапатсыз оңдолгонун четке какты

Нарын аэропорту.

"Манас" эл аралык аэропорту Нарын аба майданынын учуп-конуу тилкеси тууралуу түшүндүрмө берди. Анда бул аэропорт сапатсыз оңдолгону тууралуу социалдык тармактардагы билдирүүлөрдү четке кагып, эски видеолор жарыяланып жатканын билдирди.

"Социалдык тармакка чыккан видео 2023-жылы тартылган, ал кезде асфальт төшөөнүн биринчи этабы эле, иш бүтө элек болчу. Жетекчилик тез арада акт түзүп, бардык мыйзам бузуулар эске алынган. Учурда Нарын аэропортунун учуп-конуу тилкеси бардык стандарттарга, талаптарга ылайык оңдолууда. Ишти аэропорттун жетекчилиги жана авиациялык инспекциянын адистери катуу көзөмөлдөп турат", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарга Нарын аба майданынын учуп-конуу тилкесине асфальт сапатсыз төшөлгөнү тууралуу видеолор жарыяланган.

Өткөн айда "Асман аба жолдору" мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттарга, анын ичинде Талас, Нарын жана Караколго ички каттамдар ачыларын билдирген. Компания үч учак сатып алганын маалымдаган.

Дагы караңыз

Кенге лицензия берген комиссияны жоюу тууралуу токтом даярдалып жататОрусия: Коргоо министрлиги 125 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиКыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү алты айда 33,3%ке өстүРахманов Ташиевдин уулу жөнүндө жалган маалымат тарап жатканын билдирди Блинкен АКШ Киевди колдоосун олуттуу күчөткөнүн билдирди Бишкек мэриясы тургундардан таштандыны кечкисин чыгарууну сурандыТокмок: аялын такай сабаган деген мурдагы аскер кызматкери камалды