Кенге лицензия берген комиссияны жоюу тууралуу токтом даярдалып жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу лицензиялоо комиссиясын жоюу тууралуу токтом даярдалып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен “Азаттыкка” билдиришти.

“Жер казынасын пайдалануучулар менен тармактык мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун жеңилдетүү максатында лицензиялоо системасын өзгөртүү пландалып жатат. Анын ичинде лицензиялоо комиссиясынын ишмердүүлүгү дагы каралат”, - деп жазылган маалыматта.

Быйыл апрель айында президент Садыр Жапаров лицензиялоо комиссиясынын ишине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишкени үчүн ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ал кездеги жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.

Анын алдында Президенттин администрациясынын коллегиясында бул жаатта бир топ доомат айтылган жана бул комиссия жоюлары белгилүү болгон.

Ушул айдын башында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кен казууга берилген 23 лицензия мамлекетке кайтарылганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр тоо-кен тармагына 192 лицензия берилген жана анын 45и мамлекеттик ишканаларга тийген. Бул тармактан 2023-жылы 33 миллиард сомдон ашык киреше түшкөн.

Дагы караңыз

Орусия: Коргоо министрлиги 125 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиКыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү алты айда 33,3%ке өстүРахманов Ташиевдин уулу жөнүндө жалган маалымат тарап жатканын билдирди Блинкен АКШ Киевди колдоосун олуттуу күчөткөнүн билдирди Бишкек мэриясы тургундардан таштандыны кечкисин чыгарууну сурандыТокмок: аялын такай сабаган деген мурдагы аскер кызматкери камалды