Орусия: Коргоо министрлиги 125 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембеге караган түнү өлкө аймагына дрондор менен чабуул жасалганын билдирди.

Волгоград, Белгород, Воронеж, Ростов, Курск жана Брянск облустарында жана Краснодар крайында, Азов деңизинин аймагында 125 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Белгороддун губернатору Вячеслав Гладков соңку бир суткада аймакка жасалган чабуулда бир адам мерт болуп, дагы жети киши жараат алганын маалымдады. Воронежде өрт тутанды, жергиликтүү бийлик анын кесепети тууралуу маалымат бере элек.

Бул билдирүүлөрдү согуш маалында бейтарап булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.

Ушул жылдын жаз айларынан бери Орусиянын бир катар аймактары, негизинен Украинага жакын облус-шаарларына күн сайын дрондор менен чабуула жасалып жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги анда жарандык инфраструктура жабыркап, жайкын тургундар мерт болгонун, жараат алганын кабарлап келет. Киев адатта бул билдирүүлөргө комментарий бербейт.

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү алты айда 33,3%ке өстүРахманов Ташиевдин уулу жөнүндө жалган маалымат тарап жатканын билдирди Блинкен АКШ Киевди колдоосун олуттуу күчөткөнүн билдирди Бишкек мэриясы тургундардан таштандыны кечкисин чыгарууну сурандыТокмок: аялын такай сабаган деген мурдагы аскер кызматкери камалды