Өзбекстандын элчиси "ички иштерге кийлигишпөө" керектигин орусиялык кесиптешине айтты

Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жана Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров. 26-сентябрь, 2024-жыл.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен жолукканда "эки өлкө бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принцибин сакташы маанилүү экенин" белгиледи.

Саидов 26-сентябрда Орусиянын башкы дипломаты менен Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында жолукканын Телеграм-каналына жазды.

Маалыматка караганда, тараптар стратегиялык өнөктөштүк боюнча ар тараптуу темаларды талкуулашкан.

"Эки тараптуу ишенимди бекемдөө үчүн бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принцибин сактоо маанилүүлүгү баса белгиленди", - деп жазды өзбек Тышкы иштер министрлигинин башчысы.

Буга чейин Ташкенттеги мектептердин биринде мугалим орус тил сабагында окуучуну жаакка чапканы кабарланган. Окуучунун апасы бала сабакты орусча эмес, өзбекче өтүүнү суранганда чыр чыкканын жазган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги окуяны териштирүүнү талап кылган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанды "Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып жаткан материалдарда айтылгандарга укуктук баа берүүгө, эгер негиздүү болсо балага зомбулук көрсөткөн адамга тез арада чара көрүүгө" чакырганы белгилүү болду.

Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, "Миллий тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу") партиясынын төрагасы Алишер Кадыров окуя Өзбекстанда болуп жатканын, андыктан өлкө өз мыйзамдарына таянып териштирүү жүргүзүп аларын айтты.

"Өзбекстан Республикасынын мектебинде баланын, Өзбекстандын жараны болгон баланын укугу бузулду. Андыктан Өзбекстан элинин атынан кабыл алынган мыйзамдардын негизинде чара көрүлөт", — деди Кадыров.

Москва Өзбекстандагы окуяларга кескин реакция кылган окуялар буга чейин да болгон.

Дагы караңыз

CNN: "Хезболланын" пейжерлериндеги аккумуляторлор миналанган“Легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер Бегиш Аматов дүйнө салдыАсел Чынбаева балдардын укуктары корголгон коом куруу керектигин айтты