Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

CNN: "Хезболланын" пейжерлериндеги аккумуляторлор миналанган


Жарылган пейжердин калдыгы. 18-сентябрь, 2024-жыл.
Жарылган пейжердин калдыгы. 18-сентябрь, 2024-жыл.

Ливандын түштүгүндөгү райондордун көпчүлүгүн көзөмөлдөгөн "Хезболла" саясий партиясы жана ошол эле учурда куралдуу кыймылынын пейжерлеринин жарылуусуна аккумуляторундагы мина түрткү болгон.

Бул тууралуу CNN телеканалы Ливандын коопсуздук кызматтарындагы эки жогорку даражалуу булагына таянып жазды.

Алардын биринин айтуусуна караганда, жардыруучу зат аккумуляторлордун ичине абдан дыкат катылгандыктан, аны аныктоо абдан оор болгон. Ал пейжерлер өлкөгө киргизилип жатканда кандай текшерүүдөн өткөнүн тактаган эмес. Ливан бийлиги пейжерлерге электрондук кат жиберүү менен жардырышкан деп эсептешет.

Бул тууралуу CNN телеканалынын журналисттеринин колуна тийген документтерде маалымдалган.

Өткөн жуманын башында АКШ террордук деп эсептеген "Хезболла" уюмунун мүчөдөрү колдонгон пейжерлер жапырт жарылган. Европа Биримдиги бул топтун саясий партиясын эмес, куралдуу канатын “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Пейжерлердин жарылуусунда кеминде 37 киши каза болгонун, арасына балдар да бар экенин Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Үч миңден көп киши жараат алган. Расмий Бейрут жана "Хезболла" тобу бул үчүн Израилди күнөөлөшкөн. Израил бийлиги жоопкерчиликти мойнуна алган да эмес, четке каккан да эмес.

Түндүгүндө Израил менен чектеш Ливанда "Хезболланын" таасири абдан күч. Газада согуш башталганы чек аралаш аймактарда кырдаал курчуп, дээрлик күн сайын эки тараптан аткылоолор болуп келген.

"Хезболланын" ракеталык арсеналы күчтүү болгондуктан, АКШ жана башка мамлекеттер жаңжал кеңири масштабдагы согушка айланып кетет деген коркунуч бар экенин эскертишет.

“Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия.

XS
SM
MD
LG