Асел Чынбаева балдардын укуктары корголгон коом куруу керектигин айтты

Асел Чынбаева.

Балдардын укуктары боюнча өкүл Асел Чынбаева балдардын өнүгүүсү үчүн алардын үнү угулуп, эске алына турган чөйрө түзүү керектигин билдирди.

Бул тууралуу 27-сентябрда БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин сунуштарын ишке ашыруу боюнча кеңешмеде айтты.

ЮНИСЕФ уюштурган жыйынга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, өлкөдө балдардын укуктарын коргоо үчүн жасалуучу иш-аракеттер талданды.

“Жолугушуу жүрүшүндө катышуучулар БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин нускоолорунун негизги өңүттөрүн, анын ичинен балдардын укуктарын коргоону күчөтүү, билим берүү жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле мониторинг жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү жана балдардын укуктарын ишке ашырууга баа берүү жааттарын талкуулашты”, - деп жазылган Министрлер кабинетинин сайтындагы маалыматта.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Кыргызстандын БУУнун Балдардын укуктары боюнча конвенциясына кошулганына 30 жыл толот. Бул күндү утурлай “Кыргыз почтасы” ишканасы менен ЮНИСЕФтин почта маркасын чыгарышты. Анда “Керемет көч” мультисериалынын каармандарынын элеси чагылдырылган.

9-15 жаштагы балдар үчүн дил баяндар сынагы жарыяланды. Сынактын жеңүүчүлөрүнө ноутбук, планшет, уюлдук телефон жана баалуу белектер берилет.

Баланын укуктары жөнүндө Конвенция – бул адам укуктары боюнча эл аралык келишим. Ал балдар деген ким экенин, алардын бардык укуктарын жана өкмөттүн милдеттерин түшүндүрөт. Кыргызстан бул келишимди 1994-жылы ратификациялаган.

Дагы караңыз

Зеленский Трамп менен жолугатМолдовада шайлоо алдында жети кремлчил сайт блоктолдуДепутат Масалиев журналисттерге кысым күчөгөнүн айттыКемпир-Абад иши боюнча сот отуруму 4-октябрга жылдырылды