Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Зеленский Трамп менен жолугат


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Американын мурдагы лидери, ноябрда өтүүчү шайлоодо президенттик үчүн ат салышып жаткан Дональд Трамп. Фотоколлаж.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Американын мурдагы лидери, ноябрда өтүүчү шайлоодо президенттик үчүн ат салышып жаткан Дональд Трамп. Фотоколлаж.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-сентябрда Американын мурдагы президенти, өлкөдөгү эң жогорку кызмат үчүн дагы бир ирет ат салышып жаткан Дональд Трамп менен 27-сентябрда жолугары күтүлүүдө.

Муну утурлай Трамп Украина Орусиянын кол салуусунун мизин кайтарып, согушту жеңеринен күмөн санаган билдирүү жасады. Анын пикиринде Киев согушту токтотуу үчүн макулдашууга барыш керек. Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер Украина Москва кол салгыча эле эпке келип макулдашууга барса болмок деген оюн бөлүштү.

"Кандай гана болбосун келишим, мейли эң жаманы болсо да азыркы кырдаалдан жакшыраак болмок", - деди Трамп.

Буга чейин украин президенти “Трамп чындыгында согушту кантип токтоторун билбестигин" The New Yorker басылмасына берген маегинде айткан.

26-сентябрда Зеленский Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис менен жолуккан. Харрис учурда демократтардын атынан президенттикке ат салышып жаткан Трамптын башкы атаандашы.

Байден Киевге миллиарддаган долларлык аскердик жардам убада кылып, Орусия Украинага ачкан согушунда жеңе албасын дагы бир ирет белгиледи.

Зеленский Байденге"жеңиш планын" сунуштап, америкалык курал-жабдык менен Орусиянын аймагындагы аскердик жайларга сокку урууга уруксат берүүнү суранды.

Украин президентинин "жеңиш планы" азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG