Молдовада шайлоо алдында жети кремлчил сайт блоктолду

Иллюстрациялык сүрөт.

Молдованын Чалгын жана коопcуздук кызматы орусиялык жети маалымат агенттигинин сайтын жапты. Алардын арасында Орусиянын мамлекеттик РИА Новости кабар агенттиги да бар. Мекеменин түшүндүрмөсүнө караганда бул сайттар Кишинев үчүн "улуттук коопсуздук тобокелдигин" жаратууда.

Жабылган сайттардын бири Nuacum.eu молдовалыктарды кийинки айда өтө турган референдумда Евробиримдикке кошулууга каршы добуш берүүгө чакырып келет.

Буга чейин орусиялык сайттарды жабуу аракетин "субъективдүү жана саясатташкан кадам" деп сыпаттап келген Орусиянын Кишиневдогу элчилиги бул ирет Чалгын кызматынын чечимине комментарий берген жок.

Буга чейин, июнь айында, АКШ, Канада жана Британия биргелешкен билдирүү жасап Орусиянын Молдовадагы президенттик шайлоого кийлигишүү планы бар экенин эскерткен.

Былтыр да жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында Молдовада ондогон сайттар жабылган.

20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо жана референдум өтөт. Анда жарандар Евробиримдикке кошулуу боюнча тандоо жасашат. Молдованын батышчыл президенти Майя Санду экинчи мөөнөт үчүн ат салышып жатат.

Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирген Молдова Майя Санду бийликке келгени Батышка ыктап, Москванын Украинага кол салышын кескин айыптап, Киевди колдоп келет. Молдова миңдеген украиналык качкындарды кабыл алган.

Санду Евробиримдикке кошулуу арызын 2022-жылы мартта, Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй тапшырган. Анын алдында ушундай эле арыз менен Киев да кайрылган.

Быйыл июнь айынын башында Еврокомиссия Молдова менен Украинанын евроинтеграциялык реформаларды жүргүзүү прогрессин оң баалап, кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөргө "жашыл жарык" берген.

Дагы караңыз

Депутат Масалиев журналисттерге кысым күчөгөнүн айттыИзраил Ливанда ок атышууну токтото туруу чакырыгын четке кактыКемпир-Абад иши боюнча сот отуруму 4-октябрга жылдырылды