Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Израил Ливанда ок атышууну токтото туруу чакырыгын четке какты


Израил аба соккусунан талкаланган урандылардын алдынан аман калгандарды издеген куткаруучулар. Майсара шаары, Ливан. 25-сентябрь, 2024-жыл.
Израил аба соккусунан талкаланган урандылардын алдынан аман калгандарды издеген куткаруучулар. Майсара шаары, Ливан. 25-сентябрь, 2024-жыл.

Израил союздаштарынын Ливанда 21 күнгө ок атышууну токтото туруу чакырыгын четке кагып, АКШда террордук деп эсептелген"Хезболла" уюмуна каршы күрөшүн "жеңишке чейин" улантарын билдирди.

Иранга таянган "Хезболла" уюмуна караштуу жайларга багытталган израил армиясынын аба соккуларынан Ливанда соңку жумада жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылды. Террордук топ дагы Израилдин аймагын ракеталар менен аткылоону улантууда.

Кошмо Штаттар, Франция жана башка мамлекеттер 25-сентябрда Ливанда ок атышууну 21 күнгө токтото турууга тараптарды чакырышкан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин стратегиялык иштер боюнча министри менен 26-сентябрда Нью-Йоркто жолугуп, ок атышууну убактылуу токтотуу "эки тараптагы жайкын тургундарга үйлөрүнө кайтууга мүмкүнчүлүк берерин" айткан.

Анткен менен Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 26-сентябрда бул сунушту кескин четке кагып, аскерлерине "болгон күч-аракети менен согушууга" буйрук берди.

Израил менен Ливандагы "Хезболла" террордук уюму Газада согуш башталганы эле чек аралаш аймактарда аткылашып келишкен. Мындан улам эки тараптан тең жүздөгөн тургундар үй-жайын таштап, коопсуз аймактарга кетүүгө аргасыз болушкан.

Эки апта мурда Израил радикал уюмга каршы аскердик аракеттерин күчөтүп, Ливандын аймактарына абадан сокку ура баштаган. Тель-Авив бул аскердик операциянын башкы максаты Израил түндүгүндөгү карапайым тургундарды өз үйлөрүнө кайтарып, алардын коопсуздугун камсыздоо экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG