“Легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер Бегиш Аматов дүйнө салды

Бегиш Аматов.

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 26-сентябрда 75 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көңдүк айылында туулган. 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан соң 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1971-жылы Алай совхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган. 1974-1976-жылдары Ленин совхозунда башкы зоотехник, 1976-1981-жылдары Социализм совхозунун директору болуп эмгектенген. 1981-1983-жылдары Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектептен билим алып, 1983-1990-жылдары Базар-Коргон районунун 2-секретары болуп кызмат кылган.

Бегиш Аматов коомдук-саясий иштерге жигердүү аралашып, 1990-1994-жылдары эл арасында “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөргөндөрдүн бири.

Кыргызстандагы 2005-2010-жылдардагы элдик талкундоолор жана андан кийинки Конституциялык реформалар тууралуу пикирин ачык билдирип келген. (BTo)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бегиш Аматов: Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жарыялагам

Дагы караңыз

Кыргызстанда өлкө боюнча 5,5 миң дарыгер жетишпейтРежеп Тайып Эрдоган ноябрда Кыргызстанга расмий сапары менен келет Камчыбек Ташиев Мелис Аспековдун абактан жазды делген катына байланыштуу комментарий бердиАскар Акаев экс-президент макамы боюнча ЖКнын чечимине комментарий берген жокСузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев жеңдиУкраинада Алишер Усмановдун 48,2 млн долларлык активин мамлекетке алуу чечими чыкты26-сентябрь: 11 журналистке суралган жаза, Орусия кийлигишкен Өзбекстандын мектебиндеги окуя