Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Режеп Тайып Эрдоган ноябрда Кыргызстанга расмий сапары менен келет


Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган. Архив.
Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган. Архив.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-6-ноябрь күндөрү Кыргызстанга расмий сапары менен келет.

Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 27-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында айтты. Ал Режеп Тайып Эрдогандын Бишкек сапарында кыргызстандык бейтаптардын Түркияда дарылануу маселеси тууралуу сүйлөшүүлөр болорун билдирди.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 9-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барып келген. Сапар алкагында президент Режеп Тайып Эрдоган менен эки өлкө ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынын өткөрүшкөн.

Түркия Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. Бул өлкөдө ушул тапта 25 миңдей кыргызстандык мигрант жашап, эмгектенет. (BTo)

XS
SM
MD
LG