Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Сузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев жеңди


Алтынбек Кылычбаев.
Алтынбек Кылычбаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, 10 миң 174 добуш алган Алтынбек Кылычбаев жеңүүчү болду.

Андан кийин Медербек Сапарбаев 3280 (15.58%), Жыргалбек Сейдахматов 2 493 (11.84%), Мелисбек Кошалиев 2 435 (11.56%), Асилбек Арапбаев 1 351 (6.42%), Юлия Лилиенталь 749 (3.56%), Бейшенбек Бегматов 212 (1.01%) добуш алышты. 134 киши “баарына каршы” добуш берди.

47 жаштагы Алтынбек Кылычбаев “Жалал-Абад” санаториясынын директорунун орун басары. 2011-2012-жылдары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде иштеген. 2015-жылы “Республика – Ата-Журт” партиясынан парламенттик шайлоого катышкан.

Сузак округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого Боршайком 15 талапкерди каттаган. Анын ичинен жети киши катышты. Бул округда 81 шайлоо участогу ачылып, 124 миң 429 шайлоочунун тизмеси такталган. Добуш берүүгө жалпы 21 миң 57 адам (16.92%) катышты.

Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшыруу тууралуу арыз жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан. Ал мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип чыкканы айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG