Кыргызстанда өлкө боюнча 5,5 миң дарыгер жетишпейт

Бишкектеги ооруканалардын бири. Архив.

Кыргызстанда өлкө боюнча 5500 дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 27-сентябрда Жогорку Кеңештеги “Ата Журт – Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

1-сентябрдан тарта маянасы көтөрүлгөн беш адистик боюнча дарыгерлер аймактарга жөнөтүлгөнүн, жакында кадр тартыштыгы боюнча абал жакшыра турганын белгиледи.

“Көп адистиктер боюнча маянасын канчалык көтөрсөң дагы алыскы аймактарга барбай жатат. Мисалы, эки жерге мен башкы дарыгердин ордун сунуштап жатам, эч ким чыкпай жатат. Чоң - Алайдагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына киши таппай жатам. Мындайда арга жоктон жакын жерлерден вахталык ыкма менен адистерди убактылуу жөнөтүп, иштетип жатабыз. Алыскы аймактарга канчалык кенемте болсо дагы барбай жатышат, бул көйгөйдү жаш кадрлар менен чечебиз”, - деди Бейшеналиев.

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча жарлыкка 1-июлда кол койгон. Документке ылайык, 1-сентябрдан тарта дарыгерлер персоналынын маяналары 50% чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20% чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларын маяналары 10% чейин жогорулатылган.

Садыр Жапаров мисал катары, мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп 50 миң 205 сом алып каларын билдирген. Ал ырастагандай, 35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог, айлыгы көтөрүлүп 73 миң 222 сом ала баштайт. 32 миң 474 сом айлык алган педиатр 1-сентябрдан тарта 68 миң 709 сом алат.

Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын июль айында берген маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 13 миң 775 жогорку билимдүү дарыгер, 33 миң 510 орто билимдүү медициналык персонал (мээрбандар жана башка адистер) иштеп турган. Андан бери системадагы штаттын саны кандай өзгөргөнү тууралуу маалымат жок. (TAb)

Дагы караңыз

Режеп Тайып Эрдоган ноябрда Кыргызстанга расмий сапары менен келет Камчыбек Ташиев Мелис Аспековдун абактан жазды делген катына байланыштуу комментарий бердиАскар Акаев экс-президент макамы боюнча ЖКнын чечимине комментарий берген жокСузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев жеңди