Израил - “Хезболла” кармашы чоң жаңжалга жол ачпайбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алгач чөнтөктөгү пейжерлер, андан соң рациялар жарылды. Көп өтпөй чек аранын эки тарабынан жүздөгөн ракета, дрондор атылды. Ошентип он күндүн ичинде Ливандагы “Хезболла” куралдуу тобу менен Израилдин тиреши кескин курчуду. Натыйжада Ливанда 18 жылдан бери биринчи жолу бир күндө жүздөгөн адам өлдү. Он миңдеген тургун, анын ичинде кыргызстандыктын үй-бүлөсү убактылуу жер которууга аргасыз болду. Кыргыз бийлиги өз жарандарын Израил менен Ливанга убактылуу барбай турууга чакырды. Газада согуш токтобой жаткан маалда жаралган мындай чыңалуу Жакынкы Чыгышта чоң жаңжалга жол ачпайбы? Эми Израилдин кийинки кадамы, ага каршы турган иранчыл жоочулардын жообу кандай болот?