"Манас" аэропорту жаңы учактын билет бааcы кымбат болуп жатканына түшүндүрмө берди

Кыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы.

"Манас" эл аралык аэропорту “Асман аба жолдору” компаниясынын билет баасынын кымбат болуп жатышы боюнча түшүндүрмө берди. Ишкананын басма сөз кызматы билеттин наркы брондолгон орундарга, суроо-талапка карап өзгөрүп турарын билдирди.

“Маалыматка ылайык, 26-сентябрга карата Бишкек-Ош боюнча ар бир каттамдагы акыркы беш орундун баасы төмөндөгүдөй: Супер эконом – 4000 сом, толук эконом – 4500 сом, флекс эконом – 5000 сом”, - деп жазылган билдирүүдө.

Мунун алдында социалдык тармактын айрым колдонуучулары жаңы ачылган “Асман аба жолдорунун” билет баасы кымбат болуп жатканын жазып чыгышкан.

“Асман аба жолдору” авиакомпаниясы - “Манас” аэропортунун алдында ачылган ишкана. Жаңы сатып алынып, 6-сентябрда Бишкеккке келген Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак ушул компанияга таандык.

Мамлекеттик авиакомпаниянын ачылышы менен ички аба каттамдардын билет баасы арзандап, Бишкектен Ошко, Раззаковго, Баткенге баа 3300 сом, ал эми Жалал-Абад, Казарман, Кербенге 3100, Таласка 2100 сомдон баштала турганы айтылган.

“Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тартып өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштайт.

Дагы караңыз

“Унаа” мекемесинин директору Рустам Жокоев камакка алындыАКШ БУУда Грузия делегациясы менен жолугушуудан баш тарттыУкраина 14 облусу бутага алынганын, сегиз жайкын тургуну каза болгонун маалымдады"Бир дүйнө - Кыргызстан" коммерциялык эмес уюмдардын реестри боюнча сотко кайрылды