Путин Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүнү сунуш кылды

Владимир Путин.

Эгерде өзөктүк куралы жок кайсы бир өлкө ошондой куралы бар өлкөнүн катышуусу же колдоосу менен Орусияга «агрессия көрсөтө турган болсо» алардын биргелешкен кол салуусу катары бааланышы керек. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин билдирди.

25-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Путин өзөктүк курал боюнча мамлекеттик саясат жөнүндөгү документ менен аскердик доктринага өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айтып, кайсы учурда өзөктүк курал колдонсо болору тууралуу согуштук коркунучтардын тизмесин кеңейтүүнү сунуш кылды.

Доктринанын жаңы версиясында Орусияга өзөктүк гана эмес, стратегиялык же тактикалык, канаттуу, учкучсуз жана башка учактар сыяктуу кадимки курал менен жапырт кол салуу болгон учурда да өзөктүк курал колдонулары жазылат. Өзөктүк курал өлкөнүн эгемендигине коркунуч жараткан бардык учурда жана ошондой эле союздашы Беларуска коркунуч жаралганда да колдонулушу керектиги айтылды.

Украинанын президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак Путиндин бул билдирүүсүнө комментарий берип "Өзөктүк шантаждан тышкары Орусияда дүйнөнү коркутуунун башка эч кандай каражаты жок. Мындай каражат жарабайт" деп айтты.

Быйыл 7-июлда Петербург экономикалык форумунда сүйлөп жатып Путин өзөктүк доктринаны өзгөртсө болорун айткан, бирок ошол эле кезде куралдын мындай түрүн колдонуу жөнүндө «ойлоонун да зарылчылыгы жок» экенин айткан. (RK)

Дагы караңыз

Сот 11 журналистке 3-октябрда өкүм чыгарышы мүмкүнСадыр Жапаров Аскар Акаев боюнча талкууга комментарий берди"Айдан – менин жашоом". Америкалыктар асыраган кыргыз балдардын тагдыры "Кыргыздын жаны комузда"