Зеленский Орусиядан коргонууга колдоо көрсөтүүгө эл аралык коомчулукту чакырды

Владимир Зеленский. БУУ.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп, Украинанын Орусиядан коргонуусуна колдоо көрсөтүүдө биримдикте болууга чакырды.

Сөзүнүн башында ал Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) Орусия басып алгандан бери жалпы аймакта өзөктүк коопсуздукка коркунуч жаралып турганын айтты. Бул жааттагы коопсуздук тынчтык формуласынын биринчи пункту экенин белгиледи.

Орусиянын аткылоолорунан өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасы талкаланып жатканын, алдыдагы кыш мезгили миллиондогон украиналык үчүн катаал сыноо болушу ыктымал экенин айтты:

«Путин алардын кышында караңгыда жана суукта калышын каалап жатат», - деп кошумчалады.

"Бул согушту токтотууну дүйнөдө биринчи кезекте дал Украина каалап жатканын баары билиши маанилүү. Украин эли бул согуштун азабын толук сезип жатат. Украинасыз адилеттүү тынчтык болушу мүмкүн эмес», - деди ал.

Зеленский Орусиянын Украинага каршы согушу токтобой жаткан абал үчүн Кытай менен Бразилияны түзөн-түз айыптады.

“Силер өз бийлигиңерди Украина аркылуу бекемдеп кете албайсыңар”, - деп айтты.

Расмий Киев буга чейин Бээжиндин Москва менен стратегиялык өнөктөштүк мамилесине карабастан аны менен конструктивдүү байланышты карманууга умтулуп келген. (RK)

Дагы караңыз

Улуттар Уюму: Зеленский сүйлөдү, Небензя укмаксан болду Ноокатта бузулган көпүрөдө бир тургун каза тапты Москвада тажик блогери камакка алындыӨкмөт Кызыл-Омполдон титаномагнетит каза баштайт