Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Москвада тажик блогери камакка алынды


Салмон Ражабзода.
Салмон Ражабзода.

Москванын Чертаново райондук сотунун чечими менен тажикстандык блогер Салмон Ражабзоданы (Жумабой) тергөө абагына камакка алышты. Бул тууралуу 25-сентябрда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жана Телеграм-каналдар жазып жатышат.

«Жек көрүүчүлүктү же кастыкты козуткан» деп шектелип жаткан блогер быйыл январь айында кармалган жана буга чейин үй камагында болчу. Эми, прокурордун ал «катталган жеринде жашаган жок жана качып кетиши ыктымал» деген талабы менен камакка алынды. Кайсы мөөнөткө экени тууралуу маалымат берилген жок.

Салмон Жумабой деген ат менен белгилүү блогерди 7-январда Москвадан кармап кетишкен. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал «орус улутундагы адамдар тобуна карата кастык маанайда славян жүздүү кыздардын адамдык кадыр-баркын кемсинткен» деп айыпталууда.

Социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарга караганда, ошол кезде Интернетке «жакында орус кыздардын баары биздики болот» деп айтып жаткан видео тараган.

Блогер өзү видеодогу үн аныкы эместигин, эч качан эч кимге жамандык каалабай турганын жана улут аралык кастыкка үндөбөгөнүн айткан.

Эгер коюлуп жаткан айыпты сот негиздүү деп тапса, блогер алты жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кесилиши ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG