Орусия «жынысын өзгөртүүгө» уруксат бар өлкө жарандарына бала асыроого тыюу салат

Мамлекеттик Дума.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы «жынысын өзгөртүүгө» уруксат берилген мамлекеттердин жарандарына орусиялык балдарды асырап алууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Маселе бүгүн 25-сентябрда каралып, парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин мындай демилге «балалыкты жана салттуу баалуулуктарды коргоо» максатын көздөй турганын белгиледи.

Анын айтымында, долбоорду депутаттардын басымдуу көпчүлүгү колдоду. Эгер бул мыйзам кабыл алынса тыюу Австралия, Австрия, Аргентина, Бельгия, Улуу Британия, Германия, Дания, Исландия, Испания, Италия, Канада, Норвегия, Финляндия, Швейцария, Эстония жана башка мамлекеттерге тийиштүү болот.

Азыркы кезде Орусияда бала асырап алууга чет мамлекеттерден АКШнын гана жарандарына уруксат жок. Мындай мыйзам 2012-жылы эки өлкө ортосундагы мамиле чыңалып турган кезде кабыл алынган.

Чектөөнүн киргизилишине америкалыктар асырап алган эки жашар Дмитрий Яковлев атуу наристе күн ысыкта эшик-терезеси жабык калтырылган машинанын ичинде чарчап калган окуя себеп болгону айтылган.

Бирок иш жүзүндө бул мыйзам АКШда кабыл алынган «Магнитский тизмесине» карата жооп болгон. Тизмеге Hermitage Capital фондунун аудитору Сергей Магнитскийдин Орусиянын тергөө абагында каза болушуна тиешеси бар деп эсептелген орусиялык аткаминерлер, күч кызматкерлери киргизилген. (RK)

Дагы караңыз

Анатолия: Түрк аялдарынын “Бажыйан-и Рум” аттуу кесиптик кошууну болду беле?Милиция "Эмакомдун" мурдагы ээси кармалганын билдирдиУкраина: фронтто кырдаал оор, Зеленский "жеңиш планын" сунуштайт Өкмөт Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүлө баштаарын билдирди